Future Leaders Exchange (FLEX). Бул программа тууралуу уксаңыз керек? Аталган программа мектеп окуучуларына арналып, Европа жана Азиядан жыл сайын 35 000 ден ашуун окуучуларды кабыл алат. Анын ичинде бир нече кыргызстандык кыз-балдар бул программа аркылуу Американын ар кайсы штаттарында бекер окуп, билим алып келишкен. Бул программага ар бир 14-16 курактагы кыз-уландар катыша алат. Программа толугу менен каржыланат. Тагыраагы грантты утуп алган катышуучунун Америкага барып келген жол киреси, ал жактагы окуусу, тамак-ашы, медициналык камсыздоосу, күнүмдүк жол чыгымдары ж.б. толугу менен каржыланат.
Биздин STUDY ABROAD курсубуздун алкагында FLEX программасынын бүтүрүүчүлөрү келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар ийгиликтүү түрдө программага тапшыруу, интервьюдан өтүү, Америкадагы жашоо, алган билим жана тажрыйбалары тууралуу билгендерин бөлүшөт.
Дедлайн: 2023-2024-окуу жылы үчүн ФЛЕКС программасы 2022-жылдын 13-октябрында аяктайт.